Жердин айлануусу

Wikipedia дан
Жердин айлануусу.

Жердин айлануусуЖер кыймылдарынын бири.

Жердин айлануусунда күн менен түндүн алмашуусу, асман телолорунун көзгө көрүнгөн суткалык кыймылы, о. эле кээ бир жер бетинде болуп өтүүчү кубулуштар: жипке асылып коюлган жүктүн термелүү тегиздигинин бурулушу тажрыйба жүргүзүүлөрдүн негизинде байкалат.

Жердин айлануусунун натыйжасында анын бетиндеги кыймылдагы нерсеге Кориолис кучу аракет жасайт.

Жердин айлануусунан келип чыккан борбордон четтөөчү күч Жердин экватору менен уюлундагы оордук күчунүн ылдамдануусунун өзгөчөлүгүн түшүндүрөт. Жазгы күн-түн теңелүү чекитинде Жер 1 жылдыздык сутканын ичинде (23 саат 56 мин 4 сек орточо күн убактысы) өз огунда бир жолу айланарын байкоолор көрсөттү.

Жердин Түндүк уюлунан карасак Жердин айлануусу батыштан чыгышты карай, б. а. саат жебесине карама- каршы багытталат. Жердин айлануусунда огу мейкиндиктеги өзгөрбөс багытын сактай албайт.

20-кылымдын башталышына чейин Жер бир калыпта айланат дешип, анын айлануу мезгилин убакыттын табигый бирдиги катарында пайдаланышкан.

Күн, Ай жана планеталарга жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжасы Жердин айлануусу бир калыпта болбостугун көрсөттү жана жылдыздык сутканын узактыгы өзгөрүп турары аныкталды.

Ташкындоо сурулуусунда Жердин айлануусун акырындатып, натыйжада сутка узарат. Кийинки 2,5 миң жылда ал орто эсеп менен 0,0024 сек га жетти.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.