Акбарие бакчасы

Wikipedia дан

Акбарие бакчасы باغ اکبریه[оңдоо | булагын оңдоо]

Акбариенин имараты жана бакчасы, Биржанд шаарынын тарыхый имараттарынын бири. Эки кабаттан турган бул имарат Кажарлар доорунда Шукат аль Мулк тарабынан салынган. Бул Түштүк Хорасан аймагындагы Акбарие айылынын Моалем көчөсүнүн аягында жайгашкан. Бул бакча Биржанд шаарынын өнүгүп өсүшүнө байланыштуу, азыркы тапта шаардын ичинде жайгашып, 2011-жылы ЮНЕСКОнун 35- жыйынында анын дүйнөлүк мурасы катары катталган жана ошондой эле 1378-жылдын 20- хордад айында Ирандын улуттук тарыхый калдыгы катары катталган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Акбарие бакчасынын курулушу Кажарлар доорунун башынан аягына чейин бир нече этапта уланган. Бул бакчада бир канча имарат жайгашып, алардын эң байыркысы түндүк тарабынын аягында жайгашкан эки кабатту имарат Хешмат аль Мүлккө таандык. Анын жер төлөөсүндө, негизги үч бөлүктү, башкача айтканда негизги бакчаны, түштүк бакчасын жана дүкөнчөлөрдү байланыштырып турган жетишээрлик узун коридор жайгашкан. Ал эми борбордук имараттар атайы мейман күтүү үчүн даярдалгандыктан, бакчанын негизги өзөгү катары эсептелип көздүн жогорку кылдаттык менен жоосун алгыдай кооздолгон. Андагы негизги көчөнүн жана имаратка алып бара турган кошумча көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан абдан бийик кызыл карагайлардын өсүшү борбордук имараттын кооздугуна кооздук берип, көздүн жоосун алат. Анын түштүк тарабында жайгашкан түштүк бакча батыш тарабындагы бакчага салыштырмалуу кичирээк келип, кызмат бөлүмүн, борбордук имараттарын жана түндүк атканасынын дубалын өзүнө камтыйт. Андан тышкары эң маанилүү элменттердин бири болуп, бакчанын аянтынын көбүн эсе бөлүгүн ээлеген төрт бурчунан келген чоң бассейн эсептелет. Бул бассейндин так ортосунда төрт бучтук платформа жайгашкан. Акбарие бакчасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине төмөнкү себептер менен кирген:

  • бакчанын абдан семиз топурагы,
  • бакчанын жасалгаланышына түз сызыктар колдонулган,
  • бакчанын эң бийик бөлүгүнөн орун алган имарат,
  • негизги чоң арык менен бир канча жардамчы арыктардагы суунун шаркырагы кулакка жагымдуу угулуп табиятка кучагында, ага жакындоону туюндурган сезим,
  • имарат менен бакчанын ортосунда эч бир чектин жоктугу,
  • чоң жана көлөкөсү далайга жеткен дарактар,
  • бакчанын көп бөлүгүнүн өзгөчөлүгү, ага өзгөчө кооздук тартуулаган жемиш дарактар менен дары чөптөр эсептелет.
  • Бул бакчада кызыл карагай, анар, тыт дарактары өсүп, бакчанын четтеринде амарант гүлдөрү көзгө бажырайып көрүнөт. Бакчанын алдынкы түштүк кире беришинде Акбарие айылы жайгашкан.

Көлөмү[оңдоо | булагын оңдоо]

Акбарие бакчасынын аймагы өзүнө 43 миң кв. метрди камтып тоолуу аймакта жайгашкан. Ал өзүнө Зен доорунун акыры жана Кажарлар доорунун башындагы Шукет альмольк Ибрахимдин атасы حشمت‌الدولهМырза Хешметке таандык, ал өзүнө эскирээк 2 имаратты камтыйт. Андан тышкары бакчадагы атайы меймандарга арналган имараттар Шукет альМольк тарабынан курулаган. Бул бакча коомдук жашоо, мейман күтүү, административдик иштерди жүргүзүү үчүн ылайыкташкан. Бул жергиликтүү диалектте Калат Саркар Амир деген ат менен таанылган. Эсдалла Алим өзүнүн Эскерүү китебинде анын атасы дал ушул бакчада Реза шахтын мейманы болгонун эскерет. Айтымында ал өзү да бул хан сарайда бир нече ирет мейманда болгон.

Архитектура[оңдоо | булагын оңдоо]

Архитектуралык формасы орус архитектруасынын илхому менен Ислам архитектурасынын жакындашып жаңы архитектуралык стилде курулганы байкалат. Бул курулуш Күзгү залы, мунара жана ички жана чет элдик саясий өкүлдөрдү кабыл алуучу өзгөчө стиль менен жасалгаланган бөлмөдөн туруп, Моалем көчөсүндө жайгашкан.

Азыркы колдонулушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыркы тапта да Акбариенин бакчасы менен имараттары Ирандын маданий мурастар уюму жана Түштүк Хорасандын туристтик ишканасы тарабынан катары колдонулуп келет. Анын Кажар доорунда салынган бөлүгүн китепкана катары жана ошол эле доордо салынган борбордук бөлүгүн Археология жана антропология музейи катары колдонуп келишет. Ал эми мамлекеттик иштерди жүргүзүү үчүн Пахлави доорунда салынган бөлүгүн улуттук даам рестораны жана чайканасы катары колдонушат. Бул комплекстин жаныбарлар музейинде Түштүк Хорасандагы сейрек кездешүүчү айбанаттар өзгөчө Бирженд шаарчасындагы абдан сейрек кездешүүчү жаныбарлар көргөзмөгө коюлган. Андан тышкары Түштүк Хорасандагы эң эле сейрек кездешүүчү канаттуулар көргөзмөгө коюлса, комплекстин биринчи кабатындагы Акбарие аталган антропология жана археологиялык музейи Түштүк Хорасандын адистиктери менен каада салттарын өзүнө камтыйт.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Маданият, архитектура